Колун, ичин кесип жиберген. Таласта милиция кызматкерлери сабады деген жарандын окуясы
RU

Колун, ичин кесип жиберген. Таласта милиция кызматкерлери сабады деген жарандын окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 24 жаштагы тургун "милиция кызматкерлери жабылып сабап, ден соолугума залал келтирди" деген билдирүү тараткан. Анын кайрылуусунун негизинде Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун аймактагы өкүлдөрү текшерүү жүргүзүп баштаган.

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынан арыз ээсинин айткандары чындыкка дал келбейт дешет.

8-сентябрда Талас шаарынын тургуну К.А. милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 19:30 чамасында Э.Мадиев менен Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен 8 айлык баласын коляскага салып, жол жээкте бара жаткан учурда ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу колясканы сүзүп кеткенин жана көз ирмемде баласын алганга жетишип калгандыгын билдирген.

Бул маалымат каттоого алынып, айдоочу Манас районунун Покровка айылынын 1998-жылы туулган К.И. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Унаа айып токтотуучу жайга киргизилип, айдоочу көрсөтмө берүүгө Талас ШИИБдин имаратына жеткирилген. Ал мас абалында болгондуктан көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Анын спирт ичимдигин ичкендиги наркология бөлүмүндө далилденген. Саат 23:30 чамасында айдоочу "унаамды кайтарып бергиле, бербесеңер ушул жерден кесинем" деп догурунуп, колундагы лезвиясы менен сол колун 3 жолу, ал эми ичин 1 жолу кесип өзүнө кол салганга аракет кылган. Айдоочу 9-сентябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Талас облустук ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Анын өзүнө кол салуу аракети электрондук журналга катталган. И.К. милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазып Талас шаардык прокуратурасына кайрылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Азыркы учурда, аталган материалдар боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жана Талас ОИИБдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп жатканын кабарлашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8317