Эдил Байсалов сындаган "Сагынбай манасчы" тасмасы эл аралык фестивалда байгеге ээ болду
RU

Эдил Байсалов сындаган "Сагынбай манасчы" тасмасы эл аралык фестивалда байгеге ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эрнест Абдыжапаровдун "Сагынбай манасчы" тасмасы Татарстанда өткөн эл аралык кинофестивалда байгелүү орунга татыды. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, тасма "Ислам дүйнөсүндөгү маданияттардын диалогу үчүн" сыйлыкка татыды.

Аталган тасма кыргыздын "Манас" эпосун айткан манасчы Сагынбай Оразбаковго арналган.

Буга чейин Бишкекте Эрнест Абдыжапаров режиссёрлук кылган "Сагынбай манасчы" тасмасынын бет ачары өтүп, анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тасманы көргөндөн кийин сындаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8324