Зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын 2 аскери ноябрга чейин камакка алынды
RU

Зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын 2 аскери ноябрга чейин камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук гвардиянын 2 аскери зордуктоого шектелип Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Алар Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилгени маалым болгон.

12-сентябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан аскер кызматкерлеринин бөгөт чарасы каралды. Ага ылайык, шектүүлөр жыныстык кол тийбестикке каршы өзгөчө оор кылмыш жасаганга айыпталып, 11-ноябрга чейин Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.

Буга чейин Б.У. аттуу кыз милицияга арыз менен кайрылганы кабарланган. Анда 5-сентябрда таңкы саат 04:30 чамасында Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки жаран физикалык күч колдонуп, унаада зордуктаган деп айтылган. Бул факты боюнча Улуттук гвардиянын У.А. жана А.Т. аттуу эки аскерине карата кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8334