Лейлектиктер бензини жок калышты
RU

Лейлектиктер бензини жок калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда бензинге болгон дефицит байкалууда. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, бул Бишкектен бензин алынып келбей калганына байланыштуу. Облус боюнча 42 май куюуучу жай бар, ал жерде айрым үлгүдөгү бензиндер жетишсиз, бирок солярка кенен.

Учурда районго бензинди Бишкектен, Исфанадан жана Сүлүктүдөн ташып жатышат.

Андан тышкары, облустук администрация күйүүчү майдын жеткирилишине көзөмөл салып жатканын кошумчалады. Акыркы эки күндө контрабанда жолу менен алынып келинген беш машине камакка алынды.

Күйүүчү майдын дефицит болгонуна байланыштуу коңшу өлкөлөргө ташып чыгарууга тыюу салынган.

Эске салсак, акыркы күндөрү бензиндин баасы кескин жогорулап жатат. Нефтетрейдерлер баанын көтөрүлүшүн россиялык заводдордогу чыгаруу наркынын кымбатташына жана сомдун девальвациясына байланыштырып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/833