Депутат жыйында кыска юбка маселесин көтөрдү
RU

Депутат жыйында кыска юбка маселесин көтөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кадамжай районунда 14 жаштагы Айдай Кочкорованын зордукталып, өлтүрүлүшү боюнча маалыматты талкуулоодо.

Анда депутат Акбөкөн Таштанбеков айрым мектептерде кыздар өтө кыска юбка кийип, өздөрү провокациялап жатканын айтты.

"Жакында билим берүү жайга бардым, кээ бир окуучу кыздар өтө кыска юбка кийип жүрүшөт. Менимче, кээде кыздар өздөрү провокациялайт. Жөнөкөй адам өтүп кетет, аны байкабай калат, бирок педофилдер кыздарды көрүп, аңдып калышат. Ата-эне, мектеп, коом кыска юбка маселесин чечиши керек. Мындан тышкары зордуктагандарды абактан чыгарбайбыз деген үгүт иштерин жүргүзүү керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8347