Азимбек Бекназаровдун уулу кармалды
RU

Азимбек Бекназаровдун уулу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери Азимбек Бекназаровдун уулун кармашты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 14-сентябрда КРнын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Русланды милиция кызматкерлери экстремизмге шектеп кармашкан.

Руслан Бекназаров Бишкек мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын башчысынын Свердлов административдик округу боюнча орун басары кызматын ээлейт.

Учурда Руслан Бекназаров Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8367