ИИМ Бекназаровдун уулунун кармалышы боюнча маалымат таратты
RU

ИИМ Бекназаровдун уулунун кармалышы боюнча маалымат таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун уулунун кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берди. Ага ылайык, учурда Руслан Б. сурак берүүдө.

Белгилүү болгондой, интернет айдыңында мониторинг жүргүзүлүп, анда "Фейсбук" социалдык тармагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жарыялап, тараткан аккаунт аныкталыган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча каттоого алынган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакыртылды. Учурда Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8371