УКМК Ташиевдин кызматтык унаасы бир жаранды сүзгөн окуяны тастыктады
RU

УКМК Ташиевдин кызматтык унаасы бир жаранды сүзгөн окуяны тастыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-сентябрда эртең менен Камчыбек Ташиевге таандык кызматтык унаа скутер менен бара жаткан адамды сүзүп кеткени айтылган. Милициянын кайгуул кызматынан тараптар өз ара келишип алышы мүмкүн экенин билдиришкен.

УКМКнын маалымат кызматынан жол кырсыгын тастыктап, жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экенин айтышты.

"Унаада Камчыбек Ташиев болгон эмес. Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Ленд Крузер 300 унаасы "Манас" аэропортунан Бишкек шаарына келе жатканы белгилүү болду. Трассадан айдоочу скутер менен бара жаткан жаранды жөөлөп кеткен. Тараптар өз ара келишип, маселе тынчтык жолу менен чечилген. Медициналык экспертизага ылайык, скутер менен бара жаткан жарандын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, айдоочуга карата эч кандай доо-арызы жок экендигин белгиледи",- деп айтышты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8396