Спорт Ордосунда Баткендин тургундары үчүн гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Видео
RU

Спорт Ордосунда Баткендин тургундары үчүн гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги спорт ордосунда Баткен районунун жашоочулары үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн бирдиктүү пункт ачылды. Бул тууралуу ММКнын башкы башкармалыгы билдирди.

Пункт Баткендин тургундарына жардам көрсөтүүнү каалаган мекеме-уюмдардын жана жарандардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу ачылган.

Гуманитардык жардам катары жөнөтүү үчүн сунушталган продукциялар - макарон, күрүч, чай, гречка, кант, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз, жеке гигиеналык буюмдар, балдарга керектелүүчү буюмдар (памперс).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8407