Тажиктердин кол салуусунан жабыркагандардын саны 31ге жетти
RU

Тажиктердин кол салуусунан жабыркагандардын саны 31ге жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан жабыркагандардын саны 31ге жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин саат 13:00гө карата ыкчам маалымат боюнча, Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу түштү. Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды.

Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажикстан Баткен районунун Эки-Таш участкасына ок чыгарып, башка айылдарга да өттү. Кыргызстандын Чек ара кызматынан тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8412