Баткендик тургун: Ок атуу 5-10 мүнөткө токтоп, кайра эле уланып жатат
RU

Баткендик тургун: Ок атуу 5-10 мүнөткө токтоп, кайра эле уланып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-сентябрдын таңы Баткенде ок атуулар менен башталды. Тажикстан Баткен облусунун чек ара тилкелерин бардык тараптан аткылап, жергиликтүү тургундар коопсуз жайга качууга аргасыз болушту.

Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну аталган аймакта ок атышуу саат 08:00дө башталганын айтты.

"Атышуулардын үнүнө караганда, мылтык, миномёттор жана оор куралдар колдонулууда. Ок атуу 5-10 мүнөткө токтоп, кайра эле уланып жатат. Биздин айылда чек ара заставасы бар, чек арачылар жеринде иш алып барып жатышат. Ошондой эле Кулунду айылы менен Тажикстандын ортосун чоң канал бөлүп тургандыктан, тажиктер биз тарапка өтө алышпайт. Азырынча арабыздан жабыркагандарды көрө элекмин, баары жакшы эле. Учурда айылдагы эл коопсуз жайга чыгып кеттик", - деди ал.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, ок атуу саат 06:00дө чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Орто-Боз аймактарындагы кыргыз тараптын позицияларын топтук куралдар менен аткылоодон башталды. Куралдуу кол салуунун кесепетинен саат 11:00гө карата 18 адам жабыркап, ооруканага түштү. Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан сүйлөшүүлөргө, келишимдерге карабай куралдуу кол салуусун улантып жатканын кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8411