Тажиктердин куралдуу кол салуусунан 18 адам жаракат алды
RU

Тажиктердин куралдуу кол салуусунан 18 адам жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан жабыркагандар тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты.

Министрликтин облустагы координаторунун ыкчам маалыматы боюнча, 16-сентябрь саат 11:00гө карата Баткен облустук бириккен ооруканасына 18 жабырлануучу түштү.

Абалдары жана диагноздору тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажикстан Баткен районунун Эки-Таш участкасына ок чыгарып, башка айылдарга да өттү. Кыргызстандын Чек ара кызматынан тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8408