Ок атылган жок. Чек арадагы акыркы саатка алынган абал
RU

Ок атылган жок. Чек арадагы акыркы саатка алынган абал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкелериндеги абал бүгүн, 18-сентябрда саат 14:00гө карата тынч. Чек ара кызматынан белгилешкендей, кырдаалды турукташтыруу тенденциясы сакталууда.

Чек ара сызыгында эскалациялоо аракеттери болгон жок, ок атылган жок. Тараптар ок атышпоо жана тиешелүү күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча келишимдерди сактап, бул багыттагы иштер улантылууда.

Чек ара аймагындагы кырдаалды турукташтыруу жана эки мамлекеттин ортосундагы чыңалууну басаңдатуу боюнча тиешелүү комиссиялар биргелешип иш алып барууда. Окуя болгон жерде кыргыз тараптан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандык кесиптеши менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8476