Баткенде куралдуу кагылыш болгон аймактан эвакуацияланган эки келин төрөдү
RU

Баткенде куралдуу кагылыш болгон аймактан эвакуацияланган эки келин төрөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунун Кадамжай районуна эвакуацияланып барган эки келин көз жарды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Мекемеден көз жарган келиндердин бири 31 жашта, экинчиси 22 жашта экенин, абалдары канааттандырарлык дешти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, куралдуу кагылыш башталганда Кадамжай районундагы аймактык ооруканага кош бойлуу 7 аял, 4 аял Айдаркен райондук ооруканасына жана Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жаңы көз жарган эки келин эвакуацияланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8479