"Армиябыз мурдагыдай эмес". Садыр Жапаров Баткенге барабыз деген жигиттерге кайрылды
RU

"Армиябыз мурдагыдай эмес". Садыр Жапаров Баткенге барабыз деген жигиттерге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-сентябрда улуттук Аза күтүү күнүнө карата Садыр Жапаров кайрылуу жасады. Өлкө каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, тиешелүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.

Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз армиясынын абалы кыйла жакшы.

"Мындан эки эле жыл мурда армиябызда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерибизди кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес. Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер", - деди ал.

Садыр Жапаров куралдуу кагылышуу токтогону менен интернет мейкиндигинде чагымчыл сөздөр тарап жатканын эскертип, расмий органдардын гана маалыматына ишенүүгө, таянууга чакырды.

"Урматтуу кыргызстандыктар, ауууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы. Мындай коогалаңдуу шартта бир гана расмий органдар тарабынан берилип жаткан малыматтарга гана ишениңиздер. Себеби учурда чек ара коопсуздугу, маалымат коопсуздугу – баары тыкыр көзөмөлдө", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8499