"Балдарымды жоготтум". Камчыбек Ташиев Баткенде каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты
RU

"Балдарымды жоготтум". Камчыбек Ташиев Баткенде каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев улуттук Аза күтүү күнүндө каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Учурда ал Баткендеги кырдалды турукташтыруу боюнча иштерди координациялоодо.

"Мен ар бир кыргызстандыкка көңүл айтам. Мындай кайгылуу күндөр да өтөт. Биздин каза тапкан жарандардын тууган-уруктарына көңүл айтам. Жоокерлерибизди ата-энелери мамлекетке кызмат кылып, эли, жерин коргосун деп биздин колубузга тапшырган. Алар менин балдарым болуп калган. Мен балдарымды, жоокерлеримди жоготтум. Бирок алар биздин мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калышты. Баатырларга таазим этем. Менин ар бир жоокерлерим элим, жерим деп күрөшүп каза болушту", - деди ал.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, Баткендеги акыркы абал оор жана туруктуу.

"Учурда абал оор жана туруктуу. Эки тарап тең техникасын артка тартып жатат. Буюрса, 2-3 күн ичинде абал турукташса гана тургундары көчүрүп келебиз", - деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8503