Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды
RU

Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын берген маалыматына ылайык, бүгүн 3-мартка, райондо күйүүчү майдын жалпы запасы 808миң 410л түздү. Анын 589миң 060л солярка, 41миң 750л Аи-80, 170миң 600л Аи-92, 7мин л Аи-95 маркасындагы бензин. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Акыркы эки күн ичинде Исфана шаарындагы күйүүчү май тартыштыгы орун алган май куйуучу жайларга, күйүүчү май жеткирилип, тартыштык жөнгө салынды.

Учурда Исфана шаарындагы май куйуучу жайларда кезек күткөн унаалар

жок, бензин 45,50 тыйындан сатылууда.

Белгилей кетсек бул күндөрү соляркага муктаждык болгон жок, дээрлик бардык май куйуучу жайларда солярка жетиштүү болду, жазгы талаа жумуштарына кедергеси тийген жок. Тартыштык негизинен Аи-92 маркадагы бензинге болгон.

Күйүүчү майдын тартыштыгына Бишкек шаарынан базадан аз өлчөмдө чыгуусу себеп болсо, баасынын жогорулоосуна Россия мамлекетинде, жалпы эле дүйнөлүк рынокто жогорулагандыгы себеп болууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/850