ИИМ: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтты
RU

ИИМ: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 19-сентябрда тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал боюнча уюштурган брифингинде чындыкка дал келбеген маалыматтар айтылды. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жасады.

Министрликтен белгилешкендей, Тажикстан Бишкекте жана Кыргызстандын башка ири шаарларында тажик улутундагы жарандарга карата мыйзамсыз зомбулук аракеттер колдонулуп, аларды сабап, белгисиз тарапка алып кетип жатышат деп айып койду.

ИИМ Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүү чындыкка дал келбестигин жана эч кандай фактылар менен тастыкталбаганын билдирет. Башка улутка же башка мамлекеттин жарандыгына карап эч кандай мыйзамсыз аракеттер же басмырлоо акыркы убакта реалдуу түрдө болгон эмес жана мындай фактылар катталган эмес. Биздин республикада 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Алар үчүн Кыргызстан мекени болуп эсептелет.

Республика аймагында жашаган жарандардын укуктары жана эркиндиктери өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдары менен корголот. Эч ким социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динге болгон мамилесине же башка жагдайларга карата басмырлоого дуушар болушу мүмкүн эмес деп белгилешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8512