Куралдуу кагылышта эвакуацияланган түнү көз жарган келин менен ымыркайдын сүрөтү
RU

Куралдуу кагылышта эвакуацияланган түнү көз жарган келин менен ымыркайдын сүрөтү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда качууга аргасыз болгон 32 жаштагы келин 17-сентябрга караган түнү уул бала төрөдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, келин Кадамжай жалпы дарыгердик практикалык борборунда 2,5 килограмм салмактагы эркек бала төрөдү. Азыр эне менен баланын ден соолугуна коркунуч жок.

Мастур Токтосун кызы 32 жашта, бул анын бешинчи төрөтү. Күйөөсү жана дагы төрт баласы да Баткен районунун Кара-Бак айылынан Кадамжай шаарына эвакуацияланган. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ымыркайга ат коюла элек.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү маалыматы боюнча, Кыргызстанга куралдуу кол салуу учурунда Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына 39 кош бойлуу жана 27 эне төрөт учурунда жаткырылган, алар аман-эсен төрөшкөн. Бардык аялдар коопсуз аймактарга көчүрүлүп, аларга керектүү мониторинг жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8526