Кайрадан көрүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Каражат чогултулуп жаткан жоокердин окуясы
RU

Кайрадан көрүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Каражат чогултулуп жаткан жоокердин окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 24 жаштагы Элдияр Төлөнов эки көзүнөн, денесинен жаракат алды. Бүгүнкү күндө анын бир көзүнө операция жасалды.

Жоокердин акыбалы жана анын дарылануусу үчүн деп атайын эсеп ачылганы боюнча Элдиярдын атасы Таалайбек Ташбаевден сурадык.

"16-сентябрда тажиктер эң биринчи кол салган күнү Элдияр кызмат өтөп жүргөн. Ошондо заставага миномёттун снаряды түшүп жарылганда уулума сыныктары тийиптир. Эки көзү жана денесинен жаракат алган. Ошол эле күнү Баткендеги ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан кийин Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна жеткирилди. Бул жактан денесиндеги жаракаттарын дарылап, көздөрүнө операция жасалып, уюп калган кандар тазаланды. Бирок көздөрүн тереңдетип дарылоо үчүн операция жасалбайт экен. Мындан улам 3-4 ишкер балдар келип операция жасатабыз деп түрктөрдүн көз хирургия борборуна алып барышты. Ал жактан дарыгерлер текшерүү жасашып "убагында алып келиптирсиңер, 1-2 күндөн кийин келгенде кеч болуп калмак" дешти. Азыр оң көзүнө операция жасалды. Кайрадан көрүп калууга мүмкүнчүлүк бар экен. Ал эми сол көзүн дагы бир текшерип көрөбүз, болбосо чет өлкөдөн операция жасатууга туура келет дешти дарыгерлер", - дейт Таалайбек мырза.

Ал эми жоокердин операциясына каражат чогултуу үчүн ачылган атайын эсеп боюнча буларга токтолду.

"Уулумдун достору атайын эсеп ачып, каражат топтоп башташты. Алар операциядан кийин деле дарыланууга каражат керек болорун, чет өлкөгө бара турган болсо акча даяр болсун дешти. Мамлекет тарабынан жакшы эле жардам берилип жатат. Биринчи операцияны (көздөрүндөгү канды тазалоо) акысыз жасашкан, дарылануу акысыз жүргүзүлүп жатат", - дейт ата.

Элдияр Төлөнов Ош облусунун Ноокат районундагы Борко айылынын тургуну. Ал Бишкектеги Аскер институтунда билим алып, өз каалоосу менен кызмат өтөйм деп Баткенге кеткен. Бир жылдан ашуун убакыттан бери Көк-Таш ротасында командирдин орун басары болуп жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8588