Манас театрынын жетекчиси: Рысбай Исаков лирикалык чегинүү катары айткан
RU

Манас театрынын жетекчиси: Рысбай Исаков лирикалык чегинүү катары айткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Бурса шаарында улуу баянды 100 сааттан ашык убакыттан бери айтып жаткан белгилүү манасчы Рысбай Исаков талкууга алынды. Анын чарчап калган абалда Манас айтып жаткан видеосу интернетке тарап, интернет колдонуучулар Манас эпосунун деңгээлин түшүрүп жатат деп сынга алышууда.

Талкууланып жаткан видео боюнча Манас улуттук театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу Kaktus.kg cайтына буларды билдирди.

"Коомчулукка тараган видео манасчы чалыгып, уйкусу келген учур, тагыраагы, түнкү саат 3-4төрдө болчу. Жарык менен караңгынын талашында манасчы "тыныгып алсам болот эле", "чай берсеңер болот эле" деген пикирин лирикалык чегинүү катары айткан. Чарчаганда айтышы мүмкүн. Ал жерде Манас эпосуна чыккынчылык кылынган жок. Жанында 7 манасчы отурат, баары жазылууда. Ал нерседен эч кандай саясат жасоонун кереги жок. Манасчынын улуу баянды айтып жатканына бүгүн 112 сааттан ашты. Дагы 15 сааттан кийин токтотобуз", - деди ал.

Азиз Биймырза уулу белгилегендей, учурда Рысбай Исаковдун абалы жакшы, Манас айтууну улантып жатат, учурда "Чоң Казат" окуясына келип калды. 130 саатка жеткенде улуу баянды айтуу токтотуларын кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8615