Депутат Кыргыз-Тажик чек арасында абал татаалдашып кетүү коркунучунда турат дейт
RU

Депутат Кыргыз-Тажик чек арасында абал татаалдашып кетүү коркунучунда турат дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасындагы абалга токтолду. Ал чек арадагы кырдаал турукташпай эле күчөп кетүү коркунучунда турганын айтты.

"Биздин аймакта жайгашкан Ворух анклавы тарапта өтө маанилүү стратегиялык объекттер бар. Бизге караштуу. Биринчиден, эгерде ушул жердеги көзөмөлдү жоготуп, участокту алдыртып койсок Баткен облусунун жарымы анклав болот, облус аймагынын жарымын жоготуп алабыз. Ачык эле аймактык жоготуу болот. Экинчиден, ошол участокту сактап турган эки пост бар болчу. Бир постту 2019-жылы алып салышканын жакшы билебиз. Азыр "Дача" деген постту алдырып жатабыз. Биз аталган участоктогу көзөмөлдү толугу менен жоготобуз, сойломо жол менен кирип участокту ээлеп алганга ачык эле жол берип жатабыз. Маанилүү жерлерибиздин бири Кык жайлоосу, Ворух анклавынын чыгыш тарабында. Ошол жерди коргош үчүн "Булак-Башы" посту коюлган болчу. Биз аны да алып койгону жатабыз. Канча жылдан бери кармап турган жерибизди ачып берип жатабыз", - деди ал.

Депутат Ак-Сай дрыясынын башы болгон Кедевшин жайлоосун коргош үчүн "Тамдык" посту коюлганын кошумчалады. Андан тышкары тажиктер нефти, газдын запасы бар Катта-Тузду ээлейбиз деп жатышканын, ал жердеги посттун алынышы ээлеп алууга мүмкүнчүлүк жаратканын билдирди.

"№42 протоколго кол коюлду. Ошол посттор азыркы аскердик согуштардын булагы имиш. Ошолорду алып койсок эле уруштун булагы жоголот экен да, түбөлүккө тынчтык орнойт имиш. Бул абдан чоң адашуу. Бул үстүртөн жасалган анализ. Кагылышуулардын булагы Тажикстандын бийлигинин расмий саясатында болуп жатат", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8634