Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду
RU

Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 28-сентябрда Садыр Жапаров кол койду. Шаршеев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулганы белгиленген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев бир жумадан бери көрүнбөй жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8643