Балыкчынын мэри болууга Азамат Арнабек уулу талапкерлигин көрсөттү
RU

Балыкчынын мэри болууга Азамат Арнабек уулу талапкерлигин көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчы шаарынын мэри болууга Азамат Арнабек уулу талапкерлигин койгонун Kaktus.media`га өздүк булактар билдиришти.

Азамат Арнабек уулу 1983-жылы туулган, үй-бүлөлүү, 4 баласы бар. Ал буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу болгон.

2005-жылы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. 2016-жылдан бери "Жаштар ынтымагы" бирикмесинин жетекчиси. Ошондой эле ал "Кыргызмебель" ишканасынын убактылуу сактоочу складын жетектейт.

Белгилесек, Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев 28-сентябрда өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8652