Жоробектин ролун таанымал спортчулар, ырчылар аткаргысы келген дейт режиссёр (видео)
RU

Жоробектин ролун таанымал спортчулар, ырчылар аткаргысы келген дейт режиссёр (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Министрдин кызыныны махабаты" тасмасынын уландысында Жоробектин ролун казак актёру Берик Арыкбаев аткарды. Коомчулукта "эмнеге казак актёру тартылды, кыргыздардын арасынан татыктуусу чыккан жокпу?" деген талкуу болгон. Аталган тасманын режиссёру Рустам Аташов фильмге тартылууну каалагандар көп болгонун айтат.

"Аскат Эрбаев тартылбайм дегенден кийин 10 күндөй актёр издедик, кыйын болду. Көчөдөн эле бирөөнү алып келип тартып койгон жокпуз да. Биздеги актёрлорду карадык, спорттук клубдарды кыдырдык. Биринин таланты туура келсе спорттук чеберчилиги жок болуп калат. Же тескерисинче. Кээ бирлеринин бою, салмага туура келбей жатты. Жоробектин ролун аткарууну каалагандар көп болду. Ысымдарын айтпай эле коёюн, таанымал ырчылар, спортчулар, актёрлор тартылабыз дешти. Продюсер Гүлжигит Келсинбек уулунун Казакстанда байланыштары бар экен. Ошол аркылуу Берик Арыбаевди таптык. Казак актёрунун Аскат Эрбаевге окшоштук жактары көп экен", - дейт Аташов.

Казак актёру бул тасмага тартылганы үчүн 1000 доллар гонорар алган. Ал тасманын 5-бөлүгүн тартууну сунуштап жатканын режиссёр кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8661