Президенттин катчысы чек араны талкулоодо эмнеге видеого тартууга тыю салынганын айтты
RU

Президенттин катчысы чек араны талкулоодо эмнеге видеого тартууга тыю салынганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек ара маселеси талкууланганда эмне үчүн техникаларды колдонууга тыюу салынды? Себебин КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул жыйын бардык каалоочулар үчүн ачык болгон. Ага коомчулуктун өкүлдөрү, эксперттер, коомдук ишмерлер катышты. Ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнө эч кандай чектөөлөр болгон жок.

"Бирок каралып жаткан маселелердин өзгөчөлүгүнө байланыштуу видеого тартууга жол берилбейт. Кечээ тиешелүү органдардын жетекчилери президентке жыйынды ушундай форматта өткөрүү максатка ылайыктуу экендиги тууралуу маалымат беришти", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8801