"Жылуулук берүүгө даярбыз". Энергетика министри көмүр боюнча дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды
RU

"Жылуулук берүүгө даярбыз". Энергетика министри көмүр боюнча дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ТЭЦиндеги көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, борбордогу ТЭЦке кошумча 400 миң тонна импорттук көмүр сатып алганга чейин кампалардагы көмүрдү пайдаланышат.

"Бүгүнкү күндө 242 миң тонна көмүр казылып алынды. Ал эми өткөн жылы ушул маалда көмүрдүн көлөмү 251 миң тоннаны түзгөн эле. Көмүр менен камсыз кылууда бир аз артта калуу бар. Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, учурда ЖЭБ быйыл 55 МВт жылытуу режиминде жүк көтөрүүдө, былтыр жана өткөн жылы бул убакта 380 МВт жүк көтөрчү. Ошого жараша көмүр көп колдонулган", - деп түшүндүрдү.

Министрдин айтымында, алар каалаган убакта Бишкектин үйлөрүнө жылуулук берүүгө даяр.

"Бизде жобо бар, буйрукту Бишкек мэриясы чыгарат. Бир нече күн -8 градус суук болсо гана, жылуулук берилет. ТЭЦ, "Бишкектеплосет" ага даяр. Жада калса эртең да иштетсек болот. Аба ырайынын төмөндөшүнө көз салып жатабыз. Биз сутканын каалаган убагында жылуулукту күйгүзүүгө даярбыз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8864