Конституция үчүн президенттин аппаратынын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн
RU

Конституция үчүн президенттин аппаратынын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Буга чейин Конституциянын долбоору сакталган файл президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев тарабынан жазылып, редакцияланганы белгилүү болгон. Андан кийин документ Жогорку Кеңештин сайтында, 80 депутаттын атынан жарыяланган. Ошол эле учурда депутаттар документти үстүртөдөн гана окуганын жана автору ким экенин билбей туруп кол койгонун мойнуна алышкан.

Президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек түрдүү ММКларга маалымат берип, президенттин аппаратынын чуулгандуу Конституцияга тиешесин жокко чыгарды. Бирок документ президенттик аппарат аркылуу өткөнүн каймана түрдө тастыктады.

"Айдын башында авторлор документти президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаровго алып келишкен. Ал аны юридикалык бөлүмгө жөнөткөн. Документ мыйзам долбоору формасы катары таризделипп, андан кийин Жогорку Кеңешке өткөрүлгөн. Зулпиев кол койгон, ошондон улам анын аты-жөнү сакталып калган", - деп түшүндүрду Байтерек.

"Эртең Генпрокуратурага Президенттин Аппаратынын кызматкерлери кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланып мыйзам чыгаруу процессине кийлигишкендиги үчүн жоопко тартуу өтүнүчү менен кат жөнөтөм. Кандай жооп келет болду экен, мага кызык."

Эске салсак, 17-ноябрда 80 депутаттан турган топ Констутициянын долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Анда президенттин кызыкчылыгын көздөгөн бир катар нормалар киргизилип жатат. Референдумду 10-январда, президенттик шайлоо менен бир өткөрүү сунушталууда. Бирок, буга чейин эксперттер Конституциянын долбоорун даярдоо жана кабыл алуу татаал процесс, кеминде жарым жылга чейин созулат, деп түшүндүрүшкөн. Ошол эле учурда депутаттар документти үстүртөдөн гана окуганын жана анын автору ким экенин билбей туруп кол койгонун моюнга алышты.

Юристтер жана эксперттер долбоордогу мыйзам бузууларды белгилеп, бийликти узурпация кылуу аракети болуп жатканын бир ооздон айтып жатышат. Жарандык активисттер бул мыйзам долбоорго каршы митинг өткөрө тургандыгын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8