Сурабалдиева: Жолго бөлүнгөн 900 миллион кайда, бийликтин күчү оппозицияга гана жетеби
RU

Сурабалдиева: Жолго бөлүнгөн 900 миллион кайда, бийликтин күчү оппозицияга гана жетеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эльвира Сурабалдиева эмне үчүн бийликтин журналисттер, оппозициячылар менен күрөшкөнгө күчү жетип, карапайым жарандардын көйгөйүн чечүүгө күч жетпей жатканына кызыкты.

Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында ал оңдолушу керек болгон 20дан ашык көчөлөрдүн атын санап, Бишкек мэриясынын көптөгөн убадалары аткарылбай жатканын билдирди.

"Мамлекеттик бюджеттен "Бишкекасфальтсервис" ишканасына бөлүнгөн 1 миллиард сом уурдалып, желип кеткен. Алар "кустуризациянын" алкагында 75 миллион сом кайтарып беришкен, бирок 900 миллион кайда экени белгисиз. Бул көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери кагаз жүзүндө гана жүргүзүлгөн, ал эми иш жүзүндө 30 жылдан бери аткарылган эместигин мэриянын адистери өздөрү айтышууда. Буларды ким коргого алууда, УКМ жана ИИМ кайда карап жатат белгисиз.

Же булардын күчү массалык маалымат каражаттары жана оппозиция менен күрөшүүгө эле жетеби", - деди Сурабалдиева.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9052