Кыргызстан менен БАЭ биргелешкен компания түздү – уставдык капиталы $100 млн
RU

Кыргызстан менен БАЭ биргелешкен компания түздү – уставдык капиталы $100 млн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлиги биргелешкен холдингдик компания түзүштү. Анын уставдык капиталы 100 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров менен БАЭ президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Биргелешкен компания 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталгандыгы айтылат.

"Финансылык ресурстар менен кирүүдөн тышкары, эмират тарап бизнес компетенттүүлүгү жагынан камсыз кылат. Компания жетекчилиги Эмираттардын мыкты ишкерлик тажрыйбаларын колдонуу аркылуу корпоративдик башкаруу принциптеринде иш алпарат. Долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жогорку деңгээлдеги чет элдик менеджерлер тартылат. Каражат транспорттук-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы форматтагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзүүгө, ошондой эле башка өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары күтүлүүдө", – деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9096