Шаардагы абоненттердин баарына жылуулук берилди. Көйгөй жаралса кимге кайрылуу керек?
RU

Шаардагы абоненттердин баарына жылуулук берилди. Көйгөй жаралса кимге кайрылуу керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек жылуулук тармагы" абонеттердин баарына жылуулук берилгендигин билдирди. 31-октябрга карата "Электр станция" ААКсынын - "Бишкек жылуулук тармагы" борбордук жылуулук менен камсыздоого кошулду. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым райондордо турак жайларга жылуулукту тегиз бөлүштүрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Көйгөй жаралса эмне кылуу керек же кайда кайрылса болот?

Батирлердеги жылуулук камсыздоону жакшыртуу үчүн жарандардан жогорку кабаттардагы жылытуучу приборлордон абаны чыгаруу жана эшик, терезени жылуулоо сунушталат.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 0312 61 11 69, 1980, 0312 61 11 66, 0777 61 11 66, 0701 61 11 66.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9110