Түркияда өткөн фестивалда Калипа Таштанова мыкты актриса наамын жеңип алды
RU

Түркияда өткөн фестивалда Калипа Таштанова мыкты актриса наамын жеңип алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Бурса шаарында "Коркут Ата" кинофестивалы болуп өттү. Анда Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга "Түрк маданиятына кошкон салымы үчүн" деген сыйлык тапшырылды.

Аталган фестивалда режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин "Там сатылат" тасмасы "Мыкты актриса" сыйлыгын жеңип алды. "Там сатылат" тасмасында актриса Калипа Таштанова башкы каармандын ролун жараткан.

Белгилей кетсек, беделдүү "Оскар" кино сыйлыгынын "Эл аралык мыкты тасма" номинациясына Кыргызстандан "Там сатылат" тасмасы көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9178