"Оскар" сыйлыгына Кыргызстандан "Үй сатылат" тасмасы көрсөтүлдү
RU

"Оскар" сыйлыгына Кыргызстандан "Үй сатылат" тасмасы көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Беделдүү "Оскар" кино сыйлыгынын "Эл аралык мыкты тасма" номинациясына Кыргызстандан "Үй сатылат" тасмасы көрсөтүлдү. Аталган тасманы Таалайбек Кулмендеев тарткан.

"Үй сатылат" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 2022-жылдын октябрынын башында Пусан шаарында болот.

95-Оскар сыйлыктары үчүн тапшырылган тасмалар 2022-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 30-ноябрына чейин өз өлкөлөрүндөгү кинотеатрларында көрсөтүлүшү шарт. Аталган кино сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан чет элдик 15 тасманын тизмеси 21-декабрда жарыяланат. Анын ичинен 5 тасма тандалат, алардын тизмеси 2023-жылдын 24-январында белгилүү болот.

"Үй сатылат" тасмасы жаш үй-бүлөнүн чакан ишкерлиги, финансылык кыйынчылыктарын баяндайт. Абалдан чыгуу үчүн күйөөсү курсактагы ымыркайды акчага алмаштырмай болот. Бирок жубайы аборт жасатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8747