Актриса Калипа Таштановага статуэтка тапшырылды
RU

Актриса Калипа Таштановага статуэтка тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык "Коркут Ата" кинофестивалында "Эң мыкты актриса" наамына ээ болгон Калипа Таштановага статуэтка тапшырылды.

Бүгүн, 9- ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов II Эл аралык "Коркут Ата" кинофестивалында көрсөтүлгөн "Үй сатылат" (реж. Таалайбек Кулмендеев) толук метраждуу тасмасынын башкы каарманы Калипа Таштанова "Эң мыкты актриса" наамына ээ болушу менен куттуктап, кинофестивалдын статуэткасын тапшырды.

Алтынбек Максутов мындай сыймык алып келген кыргыз киносунун ийгилиги таланттуу чыгармачыл жаштарга мыкты мотивация берип, кинофестиваль жалпы түрк дүйнөсүнүн киночуларынын башын бириктирген мыкты аянтчага айланып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле Алтынбек Максутов Калипа Таштановага чыгармачылык ийгилик каалап, учурда кандай иштер менен алектенип жатканынан кабар алды.

Эске салсак, аталган кинофестивалга жалпы 17 мамлекеттен киночулар катышып, отузга жакын толук метраждуу жана документалдуу фильмдер сынакка ат салышкан.

Фестивалдын калыстар тобуна Кыргызстандан белгилүү кино режиссёр Темир Бирназаров кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9202