Студенттерди бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алганга министрликтин кызматкери шектелди
RU

Студенттерди бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алганга министрликтин кызматкери шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуудагы коррупциялык схеманы аныктады. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин мурдагы кызматкери кармалды.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуудагы эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу бөлүмдөрүнө студенттерди мыйзамсыз кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Россиянын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет.

Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери кыргыз жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга акча алуу аркылуу киргизип турушукан.

Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги А.Г.М. жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Л.Т.М. кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9216