Жакынкы күндөрү электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн
RU

Жакынкы күндөрү электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакынкы күндөрү электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин бүгүн, 10-ноябрда "Электр тармактары станциясы" ишканасынын башкы директору Айбек Айдаралиев айтты.

Айтымында, электр жабдыктары жана агрегаттар толук кандуу иштеп жатат.

"Токтогул гидроэлектр станциясындагы №2 гидроагрегаттын жабдууларын оңдоо иштери аяктап, ишке киргизүү сыноолору жүрүп жатат. Агрегатты ишке киргизүү алгач 15-ноябрга пландалып, суук түшкөндүктөн, ишти эртерээк 11-ноябрда баштоону чечтик. Буга байланыштуу башка агрегаттарды убактылуу өчүрүп турууга мажбурбуз. Мындан улам республикада электр энергиясын керектөөгө чектөөлөр киргизилет. Буга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранам, ошондо күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгабыз", - деди Айдаралиев.

Ал кошумчалагандай, ноябрдын аягында төртүнчү гидроагрегатты ишке киргизүү пландалууда. Анда да чектөөлөр болушу мүмкүн.

Улуттук энергохолдинг ишканасынын төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидов энергетиктердин атынан керектөөчүлөрдөн кечирим сурады. "Эртең гидроагрегат ишке кирет. Эгер башта мерчемдегендей өз убагында ишке киргизсек электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт болчу. Бирок суук түшкөнүнө байланыштуу электр жарыгын керектөө суткасына 7 миллион киловатт саатка өстү. Жарандарды бүгүн, эртең күтүлүп жаткан электр жарыгынын өчүрүлүшүн түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. Баса белгилеп кетейин, эч кандай авариялык өчүрүүлөр болгон жок", - дейт Саидов.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-ноябрда Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы бир нече саатка үзгүлтүккө учурап, тургундардын нааразычылыгын жаратты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9224