Россияга кеткенден кийин кабары жок делинген киши табылды. Ал эмне болгонун айтты
RU

Россияга кеткенден кийин кабары жок делинген киши табылды. Ал эмне болгонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Бишкектин тургуну Татьяна Скиба Россияга кеткен уулунан бир канча айдан бери кабар жок экенин айтып редакцияга кайрылган. Бул кабар жарыялангандан кийин Вячеслав Скиба табылганын ага иш таап берген компаниядан Kaktus.mediaга билдиришти.

Компаниянын өкүлдөрү Вячеслав менен байланышып, эмне үчүн апасына чалбаганын түшүндүргөн видеону жөнөтүшкөн. Анда Вячеслав биринчи жумушун таштап, убактылуу телефонсуз калганын айтат.

"Биринчи жумушумдан мушташканым үчүн кетиришкен. Убактылуу телефонсуз жүргөндүктөн үйгө чала албадым. Иш берүүчүлөргө эч кандай дооматым жок, айлык маянамды толугу менен төлөп беришти. Азыр кайра компанияга жумушка орношкону келдим", - дейт ал видеодо.

Эске салсак, буга чейин Kaktus.mediaга шаар тургуну Татьяна Скиба кайрылган. Ал уулу Россияга миграцияга кеткенин, бир айдан кийин аны менен байланыш үзүлгөнүн кабарлаган. Ал Россияда жарым-жартылай мобилизация башталганда уулунан кабар үзүлүгөндүктөн тынчсыздануусун билдирген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9228