Ырчы Бекжан Темирхан кабылган кырсыктын видеолору
RU

Ырчы Бекжан Темирхан кабылган кырсыктын видеолору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Бекжан Темирхан кабылган автокырсыктын видеолору жарыяланды. Видеонун автору жол кырсыгы катталган жерге Кемин РИИБдин ыкчам тобу, ӨКМнын кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы барганын айтат.

Видеодо айтылгандай, унаа жолдун четиндеги бетон тосмону сүзүп, 150-200 метрдей ары жактагы сууга түшүп кеткен. Унааны чыгарууга ӨКМнын техникасы жок экени да айтылат.

Белгилей кетсек, жол кырсыгы 10-ноябрда саат 22:30 чамасында Кемин районунда катталды. Анда айдоочу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу денесинен ар кандай жаракаттарды алып ооруканага түшсө, жанындагы жүргүнчүсү Бекжан Темирхан жеринде мерт кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9234