"Азия Оскары" сыйлыгын Актан Арым Кубаттын тасмасы жеңип алды
RU

"Азия Оскары" сыйлыгын Актан Арым Кубаттын тасмасы жеңип алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азия Оскары" же APSA - Asian Pacific Screen Awards эл аралык сыйлыгы кыргыз тасмасына буюрду. Аталган сыйлыкты (Гран-прини) белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат "Эсимде" деген тасмасы менен жеңип алды.

Белгилесек, "Эсимде" тасмасы "Азия Оскары" сыйлыгына Кыргызстандын атынан көрсөтүлүп, "Мыкты фильм", "Мыкты сценарий" жана "Мыкты роль жаратуучу" номинациялары боюнча ат салышары маалым болгон.

Иш-чара Австралиянын Голд-Кост шаарында өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9247