"Укканда ишенген эмесмин". Эрдогандын колунан диплом алган лейтенант менен маек
RU

"Укканда ишенген эмесмин". Эрдогандын колунан диплом алган лейтенант менен маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түрк президентинин колунан диплом жана сертификат алган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу Kaktus.kg сайтына алыскы Анкарадан маек курду.

Адилет Акынали уулу Түркиянын Ички иштер министрлигинин Анкара шаарындагы Полиция академиясынын базасындагы Полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда магистратура программасы боюнча билим алды. Ал түрк лидеринин колунан сыйлык алгандагы сезимдери менен бөлүштү.

- 2021-2022-окуу жылында "Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу" бөлүмүндө билим алуу менен бирге "Жетекчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо" курсунан өттүм. Окуудагы жетишкендиктерин жана жөндөмдүүлүгүн жогору көрсөткөндөргө президент тарабынан окууну ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу диплом жана сертификат ыйгарылат деген кабар келди. Бир чети кубандым, бир жагынан ишенген жокмун. Бүтүрүү аземи 1-ноябрда Анкара шаарындагы президенттин резиденциясында болду. Режеп Тайип Эрдоган тарабынан сыйлык аларда толкундандым, бирок жоопкерчилик жогору болду. Албетте, кыргыз милициясынын аброюн дүйнөлүк аренада жакшы жагынан таанытканыма сыймыктанып, төбөм көккө жетти. Президенттин колунан сыйлык алуу чоң жетишкендик жана сыймык жаратты.

Иш-чара аяктагандан кийин жакындарыма байланыштым. Ата-энеме айтсам, ишене албай таң калып: "Эмгегибиз текке кетпептир, сенден ыраазыбыз балам", – деп алкыштарын айтып, кубанычымды тең бөлүштү.

Адилет Акынали уулунун чет өлкөдө билим алуу тууралуу кыялы болгон. Ал экинчи жогорку билимди алуу үчүн эмнеге Түркияны тандаганын мындайча түшүндүрдү.

- Түркия дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдүн катарында, билим берүү системасы дагы бир топ алдыда. Мен кичинекей кезимден ниет кылып, чет өлкөгө барып билимимди жогорулатсам деп эңсечүмүн. ИИМдин кызматкери болуп Баткен РИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору болуп иштеп жүргөм. Бир күнү конкурска катышып, ийгиликтүү өттүм. Түркиянын Полиция академиясында дүйнөнүн булуң-бурчунан 20дан ашык өлкөнүн милиция кызматкерлери менен бирге окуу мүмкүн болду.

ИИМдин Академиясында окуп жүргөндө билим алууга тырышып колумдан келген аркетимди жасадым. Сабак окуу менен гана чектелбестен, илимий конференцияларга жана коомдук иш-чараларга катышып билим деңгээлимди жогорулатканга жана өзүмдү ар тараптуу өстүргөнгө аракет кылгам. Ошентип эл аралык конференцияларга дагы катышып, өзүмдүн жөндөмдүүлүгүмдү көрсөтө алдым.

Алган билими, топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярмын деген милициянын лейтенанты эл аралык кызматтарда иштегиси келет.

- Буюрса, өзүмдүн мекенимдин өнүгүүсүнө, элибиздин ар дайым тынч жана бактылуу жашоосу үчүн күн-түн дебей татыктуу иштөөгө аракет кылам. Ошондой эле эл аралык кызматтарда иштеп өлкөбүздүн өнүгүүсүнө колумдан келген салымымды кошуп, ата-энемдин жана жакындарымдын үмүтүн актасам дейм.

Адилет Акынали уулунун кичи мекени Баткен жергеси.

- Ата-энем айылда дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Бир тууган эжем учурда Германияда окуп жатат, карындашым жана иним айылда мектеп окуучусу. Мен кичине кезимден билим алууга басым жасап келдим. Мектепти аяктагандан кийин ИИМдин Академиясында 2017-2021-окуу жылдарында окуп, ийгиликтүү аяктадым.

Өрүкзарлуу Баткен жергесинде туулуп, балалык күндөрү ошол жакта өтүп, дал ушул облуста эрезеге жеткенине ар дайым сыймыктанарын кошумчалады Адилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9254