"Буга чейинки ишиме ыраазы болуңуздар". Руслан Бекназаров кызматын тапшырды
RU

"Буга чейинки ишиме ыраазы болуңуздар". Руслан Бекназаров кызматын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Руслан Бекназаров Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук акимчилигинин башчысынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде кетти. Бул туурасында ал өзү расмий билдирүү жасады.

"Свердлов райондук акимиатынан жеке чечимим менен кетип жатам. Эч ким кет деген жок, арыз жазууга мажбурлаган жок. Чогуу иштешкен кесиптештериме, Свердлов районунун жашоочуларына ыраазычылык билдирем. Жакшы иштештик деп ишенем. Буга чейин кылган кызматыма ыраазы болуңуздар", - деди ал.

Эске салсак, Руслан Бекназаров "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Кийинчерээк Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 12-декабрга чейин үй камагына чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9266