Кийинки аптадан баштап Бишкекте мектеп автобустары каттамга чыгат
RU

Кийинки аптадан баштап Бишкекте мектеп автобустары каттамга чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кийинки аптадан баштап мектеп автобустары каттамга чыга баштайт. Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев маалымат жыйында 2 автобус пилоттук негизде каттай турганын билдирди.

Маалым болгондой, бул пилоттук долбоорду Бишкек шаардык мэриясы "Шаттл Скул Бас" жеке менчик компаниясы менен биргеликте ишке ашырып жатат. Демилгечи аталган компания.

Долбоор ноябрь, декабрь айларында (январь айында да) сыноодон өтөт. Жакынкы аралыкта транспорт департаменти каттамдын багыттарын бекитет. Келерки аптадан баштап 2 автобус каттамга чыгат.

"Эгер долбоор натыйжалуу жыйынтык берсе анда атайын мектеп автобустарын алуу мерчемделүүдө", - деди Нусувалиев.

Ал эми жол кирени мектеп жана жектирүүчү тарап бекитет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9278