Коомдук транспортто жол кире азырынча көтөрүлбөйт
RU

Коомдук транспортто жол кире азырынча көтөрүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев коомдук транспорттордогу жол кирени жогорулатууну талкуулоо азырынча эрте экенин айтты.

Ал белгилегендей, учурда жол кирени жогорулатуу маселеси долбоор катары каралууда. Ал качан ишке ашары белгисиз.

"Бул болгону долбоор. Экономика министрлиги тарабынан жактырылса бул маселе шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Ал жактан коомдук талкууга коюлат. Ар бир жаран өзүнүн ой-пикирин билдире алат. Андан кийин гана тарифти көтөрүү маселеси каралат. Азырынча качан жогорулай турганын айтууга эрте", - деди Нусувалиев.

Департаменттин директору жол кирени жогорулатуу автопаркты жаңылоого аябай деле таасир этпей турганын кошумчалады.

"Жаңы автобустарды каттамга чыгарганга мүмкүнчүлүк бергидей деңгээлде жол кирени көтөрө албайбыз. Анда тарифти 100 сомго чейин көтөрүү керек болот. Бирок калк буга даяр эмес. Эгер жакшы кызмат көрсөтүүнү кааласак анда айдоочуларга да ошондой эмгек акы төлөшүбүз керек. Азыркы тариф буга жол бербейт", - дейт.

Эске салсак, коомдук транспорттогу жол кире 2021-жылы жогорулатылган. Ушул жылдын октябрь айында мэрия жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифтерин өзгөртүүнү сунуштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9277