Жер ресурстары боюнча агенттик: Үңкүр-Тоонун бир бөлүгү Өзбекстанга тиешелүү болгон
RU

Жер ресурстары боюнча агенттик: Үңкүр-Тоонун бир бөлүгү Өзбекстанга тиешелүү болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үңкүр-Тоонун бир бөлүгү Өзбекстанга тиешелүү болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев билдирди.

Анын айтымында, бир нече жыл мурда аталган аймакта чыр-чатактар, чагымчыл аракеттер болгон.

"Картографиянын негизинде тоонун бир бөлүгү чокусу менен бирге Өзбекстанга тиешелүү болгон. Көйгөйлөр болгон, бирок азыр макулдашуу боюнча тоо кыргыз тарапка өтүп жатат", - деди ал.

Буга чейин Өзбекстан Үңкүр-Тоону Кыргызстанга берерин, ошол эле учурда тоого кирүү мүмкүнчүлүк алары айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9287