Өзбекстан менен чек араны делимитациялоону ратификациялоону парламент комитети колдоду
RU

Өзбекстан менен чек араны делимитациялоону ратификациялоону парламент комитети колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоону ратификациялоону колдоду.

Жыйындан каршы болгон беш депутат чыгып кетти. Алар:

  • Адахан Мадумаров
  • Чыңгыз Айдарбеков
  • Нуржигит Кадырбеков
  • Нилуфар Алимжанова
  • Эрулан Кокулов

Ал эми жети депутат ратификацияны бир добуштан колдошту. Жыйынга Айбек Осмонов менен Миргүл Темирбаева катышкан жок.

Эл аралык иштер боюнча комитеттин курамында: Улан Примов, Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков, Эрулан Кокулов, Нилуфар Алимжанова, Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Айбек Осмонов, Ырысбек Атажанов, Шайлообек Атажанов, Шайлообек Жылдызов, Таалайбек кызы, Миргүл Темирбаева бар.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын парламенти (мыйзам чыгаруу палатасы) Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди ратификациялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9288