Тойдон кийинки кезектеги массалык уулануу. Эки адам каза болду
RU

Тойдон кийинки кезектеги массалык уулануу. Эки адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районунда тойдон кийин эки адам ууланып каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 6-мартта Нариман айылынын тургуну той берген, мааракеге 25ке чукул конок чакырылган болчу.

Тойдон кийинки эки күндө айрым коноктор өздөрүн начар сезгени менен ооруканага кайрылышкан эмес. 9-мартта той ээси да өзүн начар сезе баштайт. Наримандагы ооркунада ага тамак-аштан уулануу диагнозу коюлган. Анын келини да Нариман айылынын реанимациясына жаткырылган. Дагы бир конок Ош шаарынын реанимациясына жеткирилип, 9 киши Кара-Суу ооруканасына жатышкан.

10-мартта той ээсинин келини каза болуп, 11-мартта эртең менен той берген киши өзү да үзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/928