13 жашар кыздардын массалык мушташы. Бардыгы милицияга жеткирилди (Видео)
RU

13 жашар кыздардын массалык мушташы. Бардыгы милицияга жеткирилди (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция 9-мартта Бишкектин Фучика көчөсүндө орун алган массалык мушташтын бардык катышуучуларын участокко жеткирип, өздүгүн аныктаган.

Ленин райондук ИИБ берген маалыматка ылайык, мушташка 2007-жылы туулган Ш.А., Ж.Б., К.Р., А.А жана 2008-жылы туулган Ж.А., И.Э. катышкан. Бардыгы бир мектепте окушат.

Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн өспүрүмдөрдү ИИБнин тергөө кызматына жеткиришкен.

"Кыздардын ата-энелерине түшундүрүү иштери жүргүзүлүп, профилактикалык сүйлөшүүлөр болду. Өспүрүм балдарын катуу көзөмөлгө алып, мындай конфликтилерди мындан ары жаратпоо керектигин эскертишти", - деп ИИБ маалымдады.

Тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, социалдык тармакта өспүрүм кыздардын массалык мушташып жаткан видеосу тараган. Аларды өтүп бараткан башка адамдар ажыратып жатканын видеодон көрүүгө болот. Мушташтын кадрларын Instagram'га shtraf.kg баракчасы жайгаштырган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстартивдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/929