Ишкерлерди 2023-жылы текшерүүгө мораторий киргизилет
RU

Ишкерлерди 2023-жылы текшерүүгө мораторий киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизилет. Мындай жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан кабарлашат.

Жарлыктын максаты: жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишкердик субъекттерин текшерүүдө укук коргоо органдарынын жана контролдоочу органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

Укук коргоо органдарынын, салык жана контролдоочу органдардын көп сандаган текшерүүлөрү жана алардын ыйгарым укуктарынан аша чабуусу ишкердиктин активдүүлүгүн төмөндөткөн көйгөй бойдон калууда. Чакан, орто жана ири ишкердиктин өкүлдөрүнөн, анын ичинде коммерциялык банктардан көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Көбүнчө бул негизсиз, кайталоочу же такыр мыйзамсыз текшерүүлөр, акча жыйноо фактылары кездешет.

Жарлыкка ылайык:

  • Министрлер кабинетине 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чакан, орто жана ири ишкердик субъекттерге, ошондой эле коммерциялык банктарга текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдары жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүү тапшырылат;
  • Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдарынын, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү негизсиз дайындоосу, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын өз пайдасы же башка жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жүргүзүлгөн, текшерилип жаткан субъекттердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирген текшерүүлөр кызматтык милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандык катары каралат жана ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейинки жоопкерчиликке тартылат.
  • Министрлер кабинетине белгиленген тартипте зарыл чараларды көрүү, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен биргеликте мораторий киргизүү жана ишкердик субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча консультациялык жардам берүү жөнүндө бизнес-коомчулуктар үчүн кеңири маалыматтык өнөктүктү жүргүзүүсү зарыл.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9357