Милициянын огунан каза тапкан Чыңгыз Абдраевдин өлүмү. Айыпталуучу 16 жылга кесилди
RU

Милициянын огунан каза тапкан Чыңгыз Абдраевдин өлүмү. Айыпталуучу 16 жылга кесилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Свердлов райондук соту кайгуул кызматкеринин огунан каза тапкан Чыңгыз Абдраевдин өлүмү боюнча ишти карап, айыпталуучуга өкүм чыгарды.

Башкы айыпталуучу Дуулатбек уулу Жакупбек "Адам өлтүрүү жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын колонияда өтөйт. Андан тышкары 576 миң сом материалдык зыян жана моралдык зыян үчүн 100 миң сом төлөөгө милдеттендирилди.

Ошондой эле соттолуучулар Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Эламан Базаркул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп табылды. Сот аларды 7 жыл, 6 айга эркинен ажыратты. Бирок мындай жаза үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл түрүндөгү шарттуу жаза менен алмаштырылды.

Эске салсак, 2021-жылдын 27-августунда милиция кызматкери Дуулатбек уулу Жакупбек жол эрежесин бузган Чыңгыз Абдраевдин жүрөгүнүн тушуна ок атып, өлүмгө дуушар кылган. Каргашалуу окуя Жибек Жолу кең көчөсүндөгү борбордук мечиттин жанында болгон.

Алгач шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9366