Исхак Масалиев министрлер кабинетин отставкага кетирүүнү сунуштады
RU

Исхак Масалиев министрлер кабинетин отставкага кетирүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Исхак Масалиев Жаңы жылга чейин министрлер кабинетин салтанаттуу түрдө отставкага кетирүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин бүгүн, 22-ноябрда парламенттеги транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында республикалык бюджеттин аткарылышы жана кийинки жылга планы каралды. Анда депутат Каржы министрлигинин отчётунда ички дүң продукциянын өсүшү 6,5 пайыз деп белгиленгенин, бирок иш жүзүндө 3,7 пайыз деңгээлинде күтүлүп жатканын айтты.

"Бул экономика өспөй жатат деген сөз. Өкмөт башчы (министрлер кабинетинин төрагасы) көрүнгөн жерде мактанып жатпайбы "аябай жакшы иштеп жатабыз, тимеле ишканалар гүлдөп иштеп жатат" деп. Кана ошолор? Өсүү жок", - деди ал.

Исхак Масалиев "2022-жылга республикалык бюджет жөнүндө" мыйзамдын аткарылбай калганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.

"Келгиле, министрлер кабинетине салтанаттуу түрдө Жаңы жылга "Жакшы баргыла!" дейли. Биздин мындай сунуш айтканга укугубуз бар. Мыйзам үчүн бир жолу болсо да жооп бериш керек",- дейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9367